Таланттуу жубайлардын жеңиши
Новость www

Россиянын Казань шаарында "Факел" деп аталган эл аралык сынакта Кыргызстандын намысын коргогон ырчы, скрипкачы Нурайым Азыкбаева жана комузчу Назбек Кенчинбаев 1-орунга татыды. 

Сынакка Россиянын бир катар шаарларынан жана башка мамлекетттерден дагы өнөр адамдары катышкан. Таланттуу жубайлар сынакта Атай Огонбаевдин "Ак тамак, көк тамак" күүсүн аткарышып, аспаптык жанр боюнча 1-орунга ээ болушту. 

Байгелүү кайткан биздин өнөрпоздор 200 000 сом акчалай сыйлыка ээ болуп, ошондой эле келээрки жылдын май айында Сочи шаарында өтө турган чоң масштабдагы сынакка жолдомо алышты.