Президент Алмазбек Атамбаев “Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Ага ылайык 7-апрелди майрам күндөрүнүн тизмесине киргизүүнү сунуштады. Жарлык эми Жогорку Кеңеште каралат.
Президенттин Жарлыгында белгиленгендей:
Мындан улам Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Аксы окуясын, Март жана Апрель революцияларын түбөлүккө калтыруу боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 7-апрель – Элдик Апрель революция күнүн майрам күндөрдүн тизмесине киргизүү Жогорку Кеңешке жиберилди. Ошондой эле Өкмөткө 17-мартты –“Аксы окуяларынын күнү” жана 24-мартты – “Элдик революция күнү” деп жарыялоо сунушу берилди.
Чындыгында эле бул даталар тарых барактарына калтырылып, элдин эркиндиги үчүн шейит кеткен эр-азаматтар эскерилип турушу зарыл дейт. POST1RIGHT
Мына бул үч окуя Кыргызстандын эгемендүулүгүндөгү маанилүу бурулуштардан болуп калды. Кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолунда өлкөнүн жаңы тарыхындагы үч окуянын мааниси иликтенип аягына чыга элек. Бул боюнча да ар кандай көз караштар бар. Андыктан, мектеп окуучуларына окуялар тууралуу маалымат берүудө ар кандай ыкмаларды колдонуу керек деп эсептейт саясат таануучу Аалыбек Акунов.
Эгемендүүлүк жылдары кыргыз мамлекети ар кандай сыноолорду башынан өткөрдү. Март жана апрель революциялары, Аксы кан төккөн окуяларына экинчи жол берилбей, ар бир жаран өзүнүн мамлекеттик саясатын сыйлоого тийиш деген оюн тарых илимдеринин доктору Мурат Кожобеков ортого салат.
Жарлыкка ылайык, өкмөт 7-апрелди жумуш эмес күн кылып жарыялоочу документти даярдап жаткандыгын өкмөттүн маалымат кызматы билдирүүдө. Эске салсак, президент Аксы окуяларын жана элдик революциянын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө документке кол койду.
Г,Усенова, “Биринчи радио”