Бишкекте дүйнөлүк тоо форуму-2018 иш-чарасы башталды
Новость www

POST1RIGHT

Климаттын өзгөрүп жаткан шартында тоолорду жана мөңгүлөрдү биргелешип сактоого дүйнө коомчулугун чакырган иш-чарада эл аралык жана жергиликтүү эксперттер экологиялык абал, суу маселеси боюнча ой бөлүшүүдө. Форум 25-октябрда өз ишин аяктайт жана анын жыйынтыгы менен тоолуу өлкөлөрдүн коалициясы түзүлөт. 

Ошондой эле экологияны сактоо, айлана-чөйрөнү коргоого өнүккөн мамлекеттерди чакырган резолюция кабыл алынат. Жер планетасындагы табият кырсыктарынын көбөйүшү - абанын жылып, тоолордогу мөңгүлөрдүн азайышынан улам экенин илимпоздор айтып келишет. Климаттын өзгөрүүсүнө негиз болгон себептер - өндүрүштүн кескин өсүп, айлана-чөйрөгө уулу заттардын көп ташталып жатканы. 

Мөңгүлөрдүн азайышы, жаратылыштагы өзгөрүүлөр тоолуу аймактарда жашаган элдердин, мамлекеттердин гана эмес, бүткүл дүйнөнүн көйгөйү деген адистер, суу ресурстарын сактоодо алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгын айтып, коңгуроо кагып келишет. Көйгөйгө дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурдуруу, маселеден чыгуу жолдорун талкуулаган дүйнөлүк тоо форуму-2018 Бишкекте башталды. Ага ааламдагы тоолуу аймакта жашаган мамлекеттер, илимпоздор, экологдор, айлана-чөйрөнү сактоо боюнча эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда адистер, климаттын өзгөрүүсүндө тоолорду жана мөңгүлөрдү биргелешип сактоо боюнча ой бөлүшүүдө.