Президент Сооронбай Жээнбеков Стамбул шаарына учуп кетти
Новость www

POST1RIGHT

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделгенинин 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Стамбул шаарына учуп кетти. 

Президент башка өлкөлөрдөн келген мамлекет башчылары менен бирге, Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышат.