Элдик репортер: айдоочулардын кыжырына тийген Жумгалдын жолу
Новость KTRK/videograp

Автор чөнтөк телефону аркылуу Жумгалга бараткан жолду тартып, аймактарды өнүктүрүү жылында бул жолдун оңдолбой жатышына нааразычылыгын билдирген. Тасмада айтылгандай, таштак, чаңга уюлгуган бул жолду 2 сааттын ордуна 5 саат жүрүүгө туура келет. 

Аталган жолду оңдоо боюнча бир канча суроо-талап болгону менен бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык чыкпай келгенин билдирген жаран, "бул жолду ким, качан оңдойт?",- деген суроо калтырган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.