Бишкек ЖЭБ боюнча сот иши уланууда
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Биринчи май райондук соту Бишкек Жылуулук берүү борборунда орун алган авария боюнча козголгон кылмыш ишинин бири боюнча соттук териштирүүнү карады. Сот процесси жабык өттү. Бул иш боюнча сотко шектүү катары кармалгандар “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директорунун орун басары Бердибек Боркоев, мурдагы техникалык директору Алмазбек Жусупбеков, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директорунун орун басары Жолдошбек Назаров жана Канат Деркембаев катышты. 

Алардын бири Деркембаев үй камагында. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси 171, 221, 189 жана 30чу беренелери боюнча айып тагылууда. Кошумчалай кетсек Бишкек ЖЭБи боюнча баш-аягы төрт кылмыш иши козголгон.