Дөңгөлөктү кышкыга которуңуз
Новость KTRK/videograp

Шашылык билдирүү. 31-октябрда жана 1-2-ноябрь күндөрү республика боюнча аба ырайы туруксуз болот. Тоолуу райондордо жамгыр жаап, карга айланат. Адистер өзгөчө Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын каттамы боюнча сапарга жөнөгөн айдоочу унаасынын дөңгөлөгүн кышкы абалга келтирип албаса кыйынчылыкка кабыларын эскертүүдө.

Кыш улам жакындаган сайын, бийик тоолордо кар көбүрөөк жаай баштады. Түшкөн кар күндүз эрип, кайра тоңуп жол сыйгалак болуп калууда.

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилип турат. Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Кусейин Көлбаев атындагы тоннель бир күндө бир жарым сааттан эки маал жабылууда. Алгачкы жолу түшкөн кардан бери Төө-Ашууда бир канча ирет унаа тыгыны катталды. Буга айдоочулар өздөрү күнөөлүү. Жолчулардын айтымында унаалардын көпчүлүгүнүн дөңгөлөгү кышкыга которулгон эмес.

Темир тулпардын 4 дөңгөлөгүн тең кышкыга которуу үчүн 20 мүнөт убакыт кетет. Ордо калаада жайгашкан дөңгөлөк которчу жайлар күнү-түнү иштейт. Кышкы дөңгөлөктөрдүн наркы өткөн жылдагыдай эле, кымбаттаган жок. 

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлор өзгөчө Бишкектен Ошко же Нарынды көздөй жөнөгөн айдоочулар унаасын кышкыга даярдап чыгуусун эскертет. Жол эрежесин сактап, каршы тилкеге чыкпай айдоо - көздөгөн жерге аман-эсен жетүүнүн кепили. Эгерде кокус кырсыктын күбөсү болсоңуз 112 номерине чалыңыз.