Кыргыз-түрк достугу бекемделүүдө
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Кыргыз-түрк кызматташтыгынын деңгээли барган сайын жогорулап, эки өлкөнүн достугунун жаңы барактары ачылып жатат. Кыргызстан менен Түркиянын алакасына көз салган серепчилер айрыкча экономикалык багыттагы мамиле түздөлүүдө. Эки мамлекеттин ортосундагы товар алмашуу учурда 350 миллион доллар болсо, аны миллиард долларга чейин көтөрүү боюнча макулдашуу буга жакшы мисал болот дешет.

Учурда Кыргызстанда 600дөн ашык биргелешкен кыргыз-түрк ишканалары иштеп жатат. Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы кыр ашып, учурда товар алмашуусунун көлөмү 350 миллион долларды түздү. Эми бул көрсөткүчтү бир миллиард долларга жеткирүү планы турат. 

Ошол эле учурда, Түркияда бизнесин жакшы жолго коюп алган кыргызстандык ишкерлер да аз эмес. Негизи эле соода, инвестиция тармагында Кыргызстандын эң эле жакын жана ишенимдүү өнөктөшү бул - Түркия дешет серепчилер. Мисалы, акыркы 23 жылдан бери Түркиядан Кыргызстанга 500 миллион доллардан ашык түз инвестиция тартылган. Түрк ишкерлери Кыргызстандын экономикасына дагы инвестиция алып келерин Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келгенде айткан.

Азыр Түркияда 1,5 миңден ашык кыргызстандык студент билим алат. Билим берүүдөгү кызматташтыктын негизинде түрк тарап жыл сайын кыргызстандык студенттерге Түркиянын алдыңкы окуу жайларынан 150 бюджеттик орун берет. Түркиялык студенттер да Кыргызстанга келип бекер билим алууга мүмкүнчүлүгү бар. Алар үчүн кыргыз тарап жылда 40 бюджеттик орун сунуштаган. 

Эки тараптын тажрыйба алмашуудагы алакасы да кыйла жакшы. Бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Кыргызстан Түркиянын туризм жана тейлөө тармагындагы тажрыйбасын үйрөнсө деген тилектерин айтышат. Мамлекеттер арасында ондогон келишимдер түзүлгөн. Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен келгенде 12 документке кол коюлган. 

Серепчилердин айтымында, кыргыз-түрк кызматташтыгынын деңгээли барган сайын жогорулап, эки өлкөнүн достугунун жаңы барактары ачылып жатат. Бул саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелердин жаңы баскычка көтөрүлүшүнө өбөлгө болот дешет.