Кытайда кыргызстандык 17 адам соттолду
Новость www

Кытайда кыргызстандык 17 адам соттолгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда депутат Руслан Казакбаевдин («Республика – Ата Журт») суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык 2 адамга өлүм жазасына тартылган. Жарандарды алмашуу жөнүндө макулдашуу керек. Анткени Кыргызстанда да камалган кытайлык жарандар бар.

«Бизде бул беренелер боюнча Кытайдын канча жараны соттолгон? Экстрадициялоо боюнча кандай иштер жүрүп жатат?», - деп сурады депутат.

ТИМ 2 жаран экстрадициялангандыгын билдирди.