POST1RIGHT
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактары боюнча иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы бүгүн, 2-ноябрда эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна келди.
Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков «Ош — Айтматовдун тагдырында» салтанаттуу иш чарага жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган улуттук ат-спорттук оюндарга катышат. Андан тышкары, мамлекет башчысы Ош облустук мамлекеттик архивдин жаңы имаратынын ачылышына, Аравандагы цемент заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү «Алайку Органикс» ЖЧК заводунун ачылышына катышат.