Россияда Ч.Айтматовго арналган тасмалар көрсөтүлүүдө
Новость www

Москвада Чыңгыз Айтматовго арналган тасмалар көрсөтүлүүдө. Иш-чара Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги залкар калемгердин 90 жылдыгына карата өтүп жатат. 

Орусиянын маданият министрлигинин жана Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясынын колдоосу менен 14-ноябрга чейин Москвадагы «Звезда», «Факел» жана «Юность» кинотеатрларында кыргыз тасмалары көрсөтүлөт.

 Анда “Ак Кеме, “Кызыл алма”, “Караш ашуусунда”, “Бойго жетелектерге бейтапкана”, “Ак барстын урпагы”, “Зной”, “Фудзиямага чыгуу” тасмалары коюлат.