Москва шаарында кыргыз жараны поезд алдында калып, каза болду. Бул тууралуу Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, 21 жаштагы Улукбек Садырбай уулу аттуу жаранды Москва шаарынын "Белорусский" вокзалынан 5-ноябрь күнү саат 21:30 чамасында поезд сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы барып, жабыркаган жаранды алып кеткен. Бирок ал ооруканага жетпей каза болгон.
"Мекендешибиздин туугандары табылды. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну экени аныкталды. Учурда анын документтерин топтоп эки күн ичинде сөөгүн мекенге жөнөтүүнү пландап жатабыз", - деди Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов.