Элдик репортер: жылан, курт-кумурускаларга толгон Садовое айылындагы таза суу түтүгү
Новость KTRK/videograp

Сокулук районуна караштуу Чүй айыл өкмөтүнүн Садовое айылында таза суу көйгөйү курч. Аталган айылда таза суу түтүктөрү 1952-жылы курулуп, андан бери жаңылоо иштери жасалбагандыктан эскилиги жетип бүткөн. "Элдик репортер" рубрикасына Садовое айылынын Комсомол көчөсүнүн тургундары кайрылышкан, себеби айылдыктар кудуктун чуңкурунан, арыктан суу ичип жатышып ооруга чалдыгышууда. Балдар, чоңдор арасында сарык, ич өткөк сыяктуу оорулар көп кездешүүдө. Тасмада көрсөтүлгөндөй, кудуктун чуңкурунан өлгөн жылан, курт-кумурускаларга чейин алып чыгышууда. 

"Биздин айылды караган айыл өкмөтү жок, айыл өкмөтү элди качан карайт?",- деген суроосун узаткан таза суу көйгөйү көкөйүнө тийген жергиликтүү тургун.