Кыргызстандын Улуттук банкы 12 миллион 900 миң долларды сатыкка чыгарды. Муну менен Улуттук банк ноябрь айын эсепке алганда экинчи жолу, жыл башынан бери сегизинчи жолу интервенция жасады. Алты жолу жалпысынан 74 млн доллар сатса, эки жолу жалпы суммасы 20 жарым млн доллар сатып алган.
Соңку 10-15 күндөн бери Кыргызстанда доллардын наркы көтөрүлгөнү байкалууда. Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 АКШ доллары сатыкта 69 сом 85 тыйын болсо, акча алмаштыруу жайларда 69 сом 95 тыйындан 70 сомго чейин сатылууда. Улуттук банк Кыргызстанда доллардын курсунун жогорулашына байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин билдирди.