POST1RIGHT
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жааган кардан Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 75-76-чакырымына түшкөн көчкү толугу менен тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Эске салсак, аталган жол тилкесине кечээ, 13-ноябрда таң эрте 6 миң метр куб көлөмүндө кар көчкү түшүп, жолду бууп калган. Аны тазалоого эки жүктөгүч жана бир бульдозер тартылып, түштөн кийин жол каттамы толук ачылган.