Бишкектин Калык Акиев көчөсүндөгү сапатсыз салынган тротуардын абалы суроо жаратууда
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаарындагы Калык Акиев көчөсү жайы менен ремонт иштери үчүн жабылып турганын шаардыктар жакшы билет. Эскилиги жеткен тар жол оңдоо иштеринен кийин кеңейип, асфальт төшөлүп, тротуар салынган. 

Бүгүнкү күндө мына ошол тротуардын абалы көп суроолорду жаратууда. Сапатсыз салынган аллеянын Токтогул менен Москва көчөлөрүнүн ортосундагы участогу бир айдын ичинде мына ушундай кейиштүү абалга кептелген. Сүрөттөрү менен бөлүшкөн шаар тургуну мындай начар сапаттагы иш үчүн ким жооп берет деп суроо салган.