КТРКнын кызматкерлери “Кыз-жигит сармерден" оюнунда өнөрлөрүн тартуулашты
Новость KTRK/videograp

КТРКнын 60 жылдыгына карата иш-чаралар уланууда. Мааракенин алкагында Коомдук Биринчи каналдын кызматкерлери “Кыз-жигит сармерден" оюнунда өнөрлөрүн тартуулашты. Сармердендин бул айлампасы ноябрь айында көрсөтүлөт. 

Бул жолу “Кыз-жигит” сармерден оюнуна жалаң теле кызматкерлери катышты. Журналисттер, телеоператорлор, КТРКнын администрациясында иштеген адистер жандуу үн менен ыр ырдап, күү чертип, табышмактын жандырмагын таап, жаңылмачтын уйкаш муундарын улап, макал-лакап айтып жарышка түшүштү. Сармердендин теле адистери катышкан айлампасы ноябрь айында көрсөтүлөт.