Ош шаарында окуучуларды албай койгон маршруттук каттамдардын лицензиялары алынат
Новость KTRK/videograp

Ош шаарында окуучуларды албай койгон маршруттук каттамдардын лицензиялары алынат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов эл менен болгон жолугушуусунда билдирди. 

Окуучулар 1 сомдон жол акы беришкендиктен көп учурда машрут айдоочулары албай коюшат экен. Эми Ош шаарынын мэриясы тарабынан көзөмөлгө алынып, мыйзам бузган айдоочулардын лицензиялары тартылып алынат - деди Сарыбашов. 

Белгилей кетсек, Ош шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, окуучулар 1 сомдон ал эми дем алыш күндөрү 4 сомдон жол акы төлөшөт.