Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекет башчыларынын саммити өттү
Новость dosaliev

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммити бүгүн Орусиянын Санк-Петербург шаарында өттү. 

POST1RIGHT

Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, жыйында экономикалык интеграциянын азыркы абалы, өнүгүү процесстери, ошол эле учурда орун алып жаткан көйгөйлөр да талкууланды. 

Негизги маселе катары - биримдиктин алкагында кызматташтыктын жаңы тармактарын өнктүүрүү зарылдыгы белгиленди.

Быйыл Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине Россия Федерациясы төрагалык кылууда. Жыл башында биринчи жыйын Орусиянын Сочи шаарында өтсө, бул жолу саммитти Санкт-Петербург шаары кабыл алды. 

Жыйынга биримдикке мүчө болгон бардык мамлекеттердин башчылары келишти. Президент Сооронбай Жээнбеков, Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев, Белорустун президенти Александр Лукашенко жана Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян. Молдова быйыл биринчи жолу саммитке байкоочу макамында катышып отурат.