Сооронбай Жээнбековдун Орусияга болгону жумушчу сапары соңуна чыкты
Новость gov.kg

POST1RIGHT

Президент Сооронбай Жээнбековдун Орусияга болгону жумушчу сапары соңуна чыкты. Анын алкагында өлкө башчысы Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышып, ал эми Москвада залкар жазуучу кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун айкелин ачуу аземине катышты. 

Иш-чарада залкар жазуучунун чыгармалары даңазаланып, анын өлкөлөр үчүн жасап кеткен эмгектери тууралуу айтылды.