Көзгө көркөм көрүнгөн сейил бактардагы жоогазындардын тагдыры...
Новость facebook.com/312Bishkek/

Шаарды көрктөндүрүү үчүн отургузулган жоогазындарды үзүп, жулбай аяр мамиле кылалы. 

Айласы кеткенде "Жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери шаар тургундары менен конокторуна ушундай чакырык таштады. Себеби көзгө көркөм болуп көрүнгөн гүлдөрдү тамыры менен казып кеткен учурлар көп катталууда.

Бажырайып ачылып турган жоогазын 1-майга чейин гүлдөп бүтүп, андан кийин бир жылдык гүлдөр отургузулат. 

Ал гүлдөр болсо биринчи кар түшкөнгө чейин шаарга көрк берип турат. Негизи сыртынан караганда кооз көрүнгөнү менен аралай келгенде бир-экиден баштары үзүлүп, тамыры менен жулунуп калтырып кеткенин көрсө болот.

Ордо калаага жоогазындын кызыл, кызгылт, сары сыяктуу түстүн 12 түрүнөн 120 миң даана отургузулган. 

Гүлзарлар көбүнчө эл сейилдей турган сейил бак, эстеликтердин айланасына өстүрүлөт.

Канткен менен көз моокумун кандырган көркөм гүлдөр көчөнү көркүнө чыгарат эмеспи.
Көкүрөгү жардылардын курмандыгына айланбай, көздү сүйүнтүп көпкө турса жакшы эле болмок.