Иранда селден 76 адамдын өмүрү кыйылды
Новость www

Иранда соңку апталарда селден жалпысынан 76 адамдын өмүрү кыйылып, чыгым 2,2 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу өлкө бийлиги тараткан расмий маалыматта айтылат. 

Адатта кургакчыл келген түндүк-чыгыш провинцияларында нөшөрлөп жааган жаан 19-марттан бери жүздөгөн адамдарды үй-жайын таштап кетүүгө мажбур кылды. Сел суусу имараттарга, жолдорго, инфратүзүмгө жана айыл чарба тармагына залакасын тийгизди. Жалпы өлкө боюнча 31 провинциянын 25и жабыркады. Бул 4 миң 400 айыл деп билдирди ички иштер министрлиги.