Ала-Тоонун аброю артып, ар тармактуу кызматташтык кыйырга кулачын жайууда
Новость dosaliev

Мамлекет башчысынын Германияга жасаган расмий визитинде каралган негизги иш-чаралар Берлинде уланды. 

POST1RIGHT

Федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер 3 кылымдык тарыхы бар Бельвю резиденциясында тосуп алды.

Даражалуу мейманды тосуунун бардык жөрөлгөлөрү жасалды. Штайнмайер Германиянын расмий өкүлдөрү менен, ал эми Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз делегациясынын курамы менен тааныштырды.

Бул жолугушуу болуп жаткан учурда Германиянын коңшусу Франция тарыхый мурасын жоктоп жатты. Жээнбеков менен Штайнмайер француз элине, президенти Эммануэль Макронго Нотр-Дам чиркөөсүнүн өрттөнүшүнө байланыштуу көңүл айтышты.

POST2LEFT

Кыргызстан Европа Биримдиги менен кызматташуу жана өнөктөштүк боюнча келишимдердин долбоорун даярдоодо жигердүү иш алып барууда. Мамлекет башчысы дал ушул маселеге токтолуп, уюм менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү процессинде көмөк көрсөткөнү үчүн Штайнмайерге ыраазычылык билдирди. 

Расмий визиттин алкагында Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен да жолугушуу өттү. Күн тартибинде парламенттер аралык алака, ар тармактарда кызматташуу маселелери каралган. Ошондой эле күчтүү жарандык коомду түзүү тууралуу да сөз болду.