Мигранттардын чет өлкөдөн акча которуулары көбөйдү
Новость www

POST1RIGHT

2019-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанга 344,6 миллион доллар которулду. Улуттук банк маалымдагандай, 2018-жылдын алгачкы эки айына салыштырмалуу акчалай которуулар 34,5 миллион долларга өстү. 

Акчалай которуулардын 90 пайызы Россиядан келет. Россияда иштеген мекендештер эки айда 338,3 миллион доллар жиберишкен. Андан кийинки орунда АКШда иштеген кыргыздар. Алар 4,3 миллион доллар, калган мамлекеттерден 1,9 миллион доллар жөнөтүшкөн. Ошол эле учурда өлкөдөн 74,8 миллион доллар чыгарылган. Көп бөлүгү — 74,3 миллион доллар Россияга которулган.