POST1RIGHT
Бүгүнтөн тарта Боом капчыгайында жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Таш кулатуу иштери 22-26-апрель күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131 жана 132-чакырымында жүрмөкчү.
Жол саат 9.00дөн 15.00гө чейин жабылат. 30-40 машина топтолуп калган учурда иш токтотулуп, унааларга жол берилет. Таш кулатуу иштери күндүз жана күн ачык маалда жүргүзүлөөрү айтылды.