Бүгүн борбор калаада Китеп күнү белгиленет
Новость www

Бишкекте Китеп күнү белгиленет. Дүйнөлүк Китеп күнүнө карата уюштурулган иш-чарада Улуттук китепканада “Китеп - адамзаттын рух азыгы” деп аталган көргөзмө ачылып, белгилүү акындардын ыры окулган поэзия кечеси да өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара саат 11:00дө башталып, ага чакырылган коноктордон сырткары жөнөкөй окурмандар да катышса болот. 

23-апрель - дүйнөлүк Китеп жана автордук укук күнү. Бул датаны ЮНЕСКО 1995-жылы бекиткен. Жергиликтүү эксперттер акыркы жылдары Кыргызстанда китеп окугандардын саны азайып баратканын айтып келишет.