Өкмөт парламентте өткөн жылда жасаган иштери жөнүндө отчет берет
Новость gov.kg

POST1RIGHT

Бүгүн, парламенттин жалпы жыйынында өткөн жылда жасаган иштери тууралуу өкмөт отчёт берет. Мыйзам боюнча өкмөт Жогорку Кеңешке жылына бир жолу, адатта апрель айында отчёт берет. 

23-апрелде парламенттеги эки комитет өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча баяндамасын угуп, жактырган. Ага чейин Жогорку Кеңештеги фракциялар, коалициялык көпчүлүк да отчётту колдоп берген.