Бишкек шаарындагы жоогазындар бир жылдык гүлдөргө алмаштырылууда
Новость www

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы жоогазындар бир жылдык гүлдөргө алмаштырылууда. "Жеңиш" аянтына "Бишкек жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери 9-майга карата Кызыл жылдыздын өңүн жана Улуу Ата Мекендик согуш 1941-1945-жыл деп жазылган 6 миң даана кызыл сальви гүлүн отургузушту. 

Дагы Георгий лентасынын формасындагы 10 миң кочкул сары түстөгү гүлдөр аянтты көркүнө чыгарууда. Ал эми Ала-Тоо борбордук аянтында сааттын көрүнүшүндөгү гүлдөрдүн композициясы пайда болду. Шаардыктан менен калаанын коноктору гүлдүү сааттан так убакытты биле алышат. Гүлдүү саат үчүн 20 миңден ашык түркүн түстөгү гүлдөр отургузулду.