Кечээ, 24-апрелде Баткен шаарынын борбордук базарында өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Машыгуу учурунда базар ичиндеги атайын өрт өчүрүүчү автоунаалар жүрүүчү жолдун абалы текшерилип, өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тарабынан базардагы өрт кырсыгын жоюу боюнча иш-аракеттери көрүлдү.
Мындан тышкары ӨКМнин кызматкерлери соода-жай ээлерине, ижарачыларга жана базар кызматкерлерине базардагы өрт коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүштү.
