Жээнбеков Пекинде өтүп жаткан «Бир алкак - бир жол» форумуна катышууда
Новость www

POST1RIGHT

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жумуш сапары башталды. Мамлекет башчы учурда Пекинде «Бир алкак - бир жол» деп аталган эл аралык кызматташтыктын экинчи форумуна катышууда. 

Форумду Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин ачты. Экономикалык ири иш-чарага дүйнөдөгү 38 мамлекеттин, өкмөттүн башчылары, БУУнун жана Эл аралык валюта корунун өкүлдөрү катышууда.