Бишкек шаарында уран казууга каршы митинг өттү
Новость KTRK/videograp

Уран казууга каршы митинг өттү. Анын катышуучулары Кыргызстанда бардык уран кендерин иштетүүгө тыюу салып, зыяндуу калдык сактоочу жайларды рекультивациялоону талап кылышты. Акцияга чогулгандар өлкө келечеги үчүн уюштурулган иш-чараны саясий упай топтоо үчүн колдонбоого чакырышты. Ал тургай айрым саясатчыларга сөз берилген жок.

Экология адистери, ар кандай уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар жана жер-жерлерден келген катардагы жарандар да чогулган. Уранды иштетүү менен казынаны толтуруу жаңылыш кадам экени белгиленди. Ак үй алдында башталган митинг Ала-Тоо аянтында уланды.

Учурда Жогорку Кеңеште уран кендерин иштетүүгө мораторий киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө. Митингчилер менен жолуккан эл өкүлдөрү зыяндуу кендерди жаап гана чектелбей, аны иштетүүгө лицензия берген адамдардын жоопкерчилигин кароону да зарыл деп эсептешет.

Чогулган эл жаратылышка аяр мамиле жасоого арналган митингдден саясий упай топтоодон алыс болууга чакырышты. Айрым саясатчыларга сөз берилген жок. Маселен акциянын катышуучулары Равшан Жээнбековго микрофон карматууну туура көрүшкөн жок.