Орусия Кыргызстанга кезектеги аскердик жардамын берди
Новость www

POST1RIGHT

Бул ирет өлкөнүн куралдуу күчтөрү эки тик учак жана тогуз чопкутталган атайын транспортторго ээ болду. Орусия ушул жылдын аягына чейин дагы 21 даана чопкутталган атайын техника берээри күтүлүп жатат. 

Канттагы авиабазада өткөн аземге Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу жана Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев катышты. Аскердик техникаларды тапшыруу-кабыл алуу аземине Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев катышты. Бул аскердик техникалардын көп артыкчылыктары бар. Эми аларды пайдаланууну өздөштүрүү зарыл.

Бул Орусиянын Кыргызстанга берген аскердик алгачкы жардамы эмес. Мындан эки жыл мурда АН-26 учактары ыйгарылган. Алар учурда куралдуу күчтөрдүн жүктөрүн ташууга жардамы тийип жатат. Ал эми быйыл жыл башында 100дөн ашык оор техникалар мамлекет башчысынын катышуусунда кабыл алынган.