Кандава айылында эки айылды байланыштырган көпүрө салынды
Новость KTRK/videograp

Билим алуу үчүн сай кечип өтүп окуп келген Ош облусунун Өзгөн районундагы Кандава айылынын окуучуларынын көйгөйү чечилди. Эки айылдын ортосунан аккан сайга көпүрө түштү. Муктаждыкты чечүүдө эл аралык уюм колдоого келип, 680 миң сомдук каржылык колдоо көрсөткөн. Кошумча жумушка сарпталган 200 миң сомду жергиликтүү эл өзү топтоп берген. Жаңы көпүрөдөн жөө адамдар гана эмес, жүк ташуучу унаалар да өтө алат.

"Суу киргенде таптакыр эле каттай албай калчубуз. Балдарды жалгыз жибергенден коркчубуз. Эми мына жакшы болду",- деди мектептин мугалими Ирсалат Шакеева. 
"Төгүлгөн таштарды айылдын жаштары өз күчтөрү менен тегиздеп, көп иштердин баарын балдарыбыз жасады. Көптөп бүткөрүп алдык",- деди Кандава айылынын тургуну Назарбек Медеев.