КТРК каналы менен СУАРдагы "Синьцзянь" телекомпаниясынын ортосундагы алгачкы макулдашуу келишиминин негизинде, Кыргыз телевидениеси менен радиосунан "Кытай терезеси" көрсөтүүсү 2004-жылы бериле баштаган. Ортодо белгилүү бир себептер менен берилбей токтоп калган, эми өткөн жылдан баштап кайра КТРКнын эфиринен "Жунгого сапар" деген аталышта көрсөтүлүүдө.
Көп жыл байланыш тармагында иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан Гүлжан Сабитакунова учурда тиричилиги жана неберелерин кароо менен алек. Колу бошой калса эле КТРдин кызыктуу көрсөтүүлөрүн көрөөрүн айтат.
“Жунгого сапар” көрсөтүүсү адегенде “Кытай терезеси ” деген аталыш менен КТРдин эфиринен биринчи жолу чыккан. Андан бери 15 жылдын жүзү болду. Бул көрсөтүү кытай элинин турмушу, чарбачылыгы, экономикасы жана маданиятын чагылдырат. Берүү - үйрөнүп тажрыйба алуу үчүн жакшы табылга дейт көрүүчүлөр.
Улуу Кытай элинин дүркүрөп өнүгүп жатканын, ал жердеги боордошторубуздун тилди, каада-салтты нукура сактаганын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын тажрыйбалуу журналисти Элмира Тезекбаева өз көзү менен көрүп келген. Алардын жакшы сапаттары биздин элибизге да жукса деп тилейт.
2018-жылдан бери “Жунгого сапар” көрсөтүүсү учурда КТРКнын эки каналынан жана радиосунан берилет. Эки өлкө ортосундагы алаканы бекемдеп келе жаткан бул көрсөтүүнүн биз үчүн пайдалуу жагы көбүрөөк. Кытай элинин экономикасы, туризми жана маданияты кыргыз элинин жашоосуна оң таасирин тийгизип, пайдасын берсин дешет көрүүчүлөр.