Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери бир кылым өмүр сүргөн Асек Усубалиев
Новость KTRK/videograp

Нарын облусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 13 ардагери бар. Алардын бири, Кеңеш айылынын тургуну, бир кылым өмүр сүргөн Асек Усубалиев бактылуу карылыкты көрүп жаткан убагы.

Жашы жүзгө таяп калса да Асек аксакал күүлүү-күчтүү. Таң эрте минтип, атын токуп, мал-жанга көз салууну адатка айлантып алган. Анын жашоосундагы башкы мыйзамы - ар дайым кыймылда болуу. Андыктан аксакал ар дайым чарбачылык менен алек.

Учурда ардагердин жашоосу жакшы. Небере, чөбөрөнүн жытына бөлөнүп, бактылуу карылыктын дооронун сүрүп жатат. Ал Нарын районунун Кеңеш айылында жашайт. Асек атанын тилегени бир гана тынчтык. Согуштун апаат күндөрүн ушул күнгө чейин унутпай келет.
9-май бул үй-бүлө үчүн чоң майрам. Балдарынын куттуктоолоруна марыган чоң ата өзү айткандай бир жылга жашарып алат. Асек ата көөдөнүнө кадалган майдандагы элестерди бир гана ыр саптарында эскерет. Бир маал калем кармап, ыр жазмай жайы бар. Ал саптарда өлкөнүн тынчтыгы, элдин ынтымагы - баа жеткис дөөлөт экени айтылат.