1993-жылы 5-майда кабыл алынган Кыргызстандын Баш мыйзамына жыйырма алты жыл толду. Эгемен мамлекет катары, башка мамлекеттин курамында эмес өз алдынча кабыл алган биринчи Конституция ушул болгон. 26 жылдын аралыгында баш мыйзам канча жолу өзгөрдү?
Кыргыз конституциясын кабыл алууда ошол кездеги “легендарлуу” парламенттин ролу эбегейсиз зор болгон. Ошол учурдагы парламенттин депутаттарынын айтымында, Конституцияны иштеп чыгуу боюнча ой-пикирлер, аракеттер 1990-жылдары эле башталган.
Ал кездеги кайра куруу, сөз эркиндиги Кыргызстанда жаңы Баш мыйзамды иштеп чыгууга жол ачкан. Депутаттар окумуштуулар менен чогуу Конституциянын концепциясын иштеп чыккан. Андан кийин Баш мыйзам жазылган. Аны кабыл алардан мурда үч жолу элдик талкууга коюлган. Коомдук угуулардан соң депутаттар кайра бир талкуулап, анан кабыл алынган.