Улуу Жеңиш күнүнө карата "Эрте келген турналар", "Саманчынын жолу" тасмалары көрсөтүлөт
Новость www

Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө "Эрте келген турналар" жана "Саманчынын жолу" тасмалары көрсөтүлөт. 

Фильмдерди 7-8-май күндөрү саат 15:00дө көрүүгө болот. Эки тасма тең жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повесттеринин негизинде тартылган. 

"Эрте келген турналар" 1979-жылы, "Саманчынын жолу" 1967-жылы экранга чыккан. Тасмалар жогорку даражалуу сыйлыктарга ээ болгон.