Жалал-Абад: Советтер Союзунун Баатыры Василий Крикундун айкели тургузулду
Новость

POST1RIGHT

1942-жылы Украинанын Мелитополь шаары үчүн салгылашта эрдик көрсөтүп, душмандардын бронепоездин жарып, автоматчылар тобу менен душмандын штабын талкалап, штаб офицерлерин туткунга алган, 2007-жылы каза болгон Советтер Союзунун Баатыры Василий Крикундун айкели тургузулду.

Баатырдын эстелиги өзү туулуп өскөн Сузак районунун Октябрь айылына курулду. Салтанаттуу майрам менен коштолгон иш-чарага айылдаштары, жеригиликтүү бийлик жана Василий Крикундун жакын туугандары катышты.