"Баатыр эне"
Новость

POST1RIGHT

Кубанычтуу кабар өлкө дубандарынын катарында Нарын облусунун да бир катар көп балалуу энелердин дарегин тапты. Алардын катарында Нарын шаарынын тургуну Айнагүл Ормонбекова да бар. 8 баланы бапестеп багып, турмушта өз жолун тапканга тирек болгон эне мээрими, эми минтип үзүрүн берип, өлкө башчысынын жарлыгы менен "Баатыр эне" наамына ээ болуп отурат. 

 Жаз айы менен Баатыр эне наамын алуу сыймыгы Нарын шаарынын тургуну Айнагүл Ормонбекова да насип болуп отурат.
6 эркек, 2 кызды татыктуу тарбиялап өстүрүп, улууларын турмуш жолуна узаткан эненин тун уулу кыркты таяп калса, кенже кызы 9-класста окуйт.

17-жашында турмушка чыгып, үй-бүлө жоопкерчилигин татыктуу көтөрүп, бала багуу түйшүгүнөн качпай энелик мээрими менен 8 баланы эрезеге жеткирген Айнагүл Ормонбекова, эми небере жытын жыттап, келининин колунан жылуу чайын ичип отурган чагы.

Баатыр эне азыр да башкаларга үлгү болуп, Нарын райондук суу чарба башкармалыгында жолдошу менен бирге иштейт. Эмгек адамды жашартат деген Айнагүл Ормонбекованын катарында, Нарын облусу боюнча энелер күнүн утурлай 100дөн ашык көп балалуу эне «Баатыр эне» наамына арзып отурат.