“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата кызуу камылга көрүлүүдө. Тар жана кеңири курамдагы жыйындар өтө турган залдар, президенттердин жатаканасы жана ашканалар оңдоодон өткөрүлүп, ага катар жолдор кеңейтилип, жашылдандыруу иштерине да өзгөчө көңүл бурулууда.
Курулуш жана оңдоп түзөө иштеринин бардыгы өз мөөнөтү менен жасалууда. Резиденциянын ирригация тутумуна да көңүл буруп, мындан сырткары жолдор кеңейтилип, айрым участокторго асфальт төшөлдү. Унаа токтотуучу жай 200 орундан 500 унаа бата тургандай кеңейтилди. Даярдык иштерине 420 млн сом бөлүнгөн, бардык жумуштар 2-июнга чейин бүткөрүлөт. Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси билдиргендей, быйыл Орусиядан ШКУ жыйынында кызмат көрсөтүү үчүн бир нече унаа келет. Ал биздин өлкөгө жардам катары берилип, биринчи бөлүгү 23-майда алып келинет.