Кыргызстанда заманбап технологиядагы батареяларды чыгаруучу завод ачылды
Новость gov.kg

 Өндүрүш ишканаларынын ачылышы экономиканын чыңдалышын шарттайт. Кыргызстанда Борбор Азияда жок ири ишкана ишке кирди. 

Бишкек эркин экономикалык аймагынын Ак-Чий базасында жайгашкан жаңы өндүрүш ишкананын ачылыш салтанатына Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

 40 миллион доллар тикелей инвестиция салган кытай компаниясы заманбап технология менен жасалган жылытуучу батареяларды чыгарат. Бул - өлкөдөгү алгачкы ишкана.