ӨКМ: Куткаруучулардын өткөн сутка ичинде аткарган иштери
Новость KTRK/videograp

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы өткөн сутка ичинде адаттагыдай Бишкек шаарында куткаруу иштерин аткарды. Калаадагы бир нече батирлердин жабылып калган эшиктерин ачып берип, жардамга келишти.  

Ошондой эле, ГЭС-2 айылынын Гоголь көчөсүндө Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 9 жаштагы баланы издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында баланын жансыз денесин таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.