Калкты тейлөө борборуна нааразы болгон Өзгөн районунун тургундары
Новость KTRK/videograp

Коомдук биринчи каналдын “Элдик репортер” рубрикасына Өзгөн районунун тургуну, аталган райондогу Калкты тейлөө борборунун ишине ыраазы болбогонун айтып, андагы иш учурунан видео тасма калтырган. “Ала-Тоо 24 “ каналынын кабарчылары тургундун кайрылуусунун негизинде, аты аталган кызматтын иш ыргагы менен жакындан таанышып келди.

Өзгөндүк тургундун кайрылуусунун негизинде биздин чыгармачыл топ, Калкты тейлөө борборунун кеңсесинде болуп, тейлөөнүн сапатына сурамжылоо жүргүздү.

Өзгөндүн борборунан 35 чакырымдагы Көлдүк айылынын тургуну, өздүк документ алууда, айрым кызматтар тарабынан кетирилген кемчиликтердин айынан бир топ убара тартканын айтат.

Кезекке турган ар бир төртүнчү жаран дал ушул көйгөйгө кабылаары айтылды. Адистердин айтымында, массалык катачылык- социалдык коргоо күбөлүктөрдү (омс) чегерген кызмат тарабынан кетирилген. Ал эми, персоналдык идентификациялык номерди оңдоо бир гана Бишкекте жүргүзүлөт.

Иш ыргагы толугу менен видео көзөмөлдө. Тейлөө - электрондук ыкмада жүргүзүлөт.

Ачык тейлөө тартибине - калк эң көп кайрылган дагы бир мекеме- Каттоо кызматы да өткөнү турат. Минтип, тар бөлмөдө кезек күткөн жарандарга, майдын 17синен тартып Бирдиктүү терезе аркылуу кызмат көрсөтүлө баштайт.

Бул кызматтар Өзгөн районундагы жалпы 270 миңдей жаранды тейлейт. Райондо 19 айыл өкмөт, бир шаар бар.