Президент Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусунда иш сапары уланып жатат. Мамлекет башчы бүгүн эртең менен Балыкчы шаарындагы орто мектептерге барып, жалпы билим берүү мекемесинин абалы менен таанышты. Азыркы маалга шаардын тургундары менен жолугушуусу болжонгон.
Андан кийин президент “Акылдуу шаар” жана Балыкчы шаардык мэриянын башка инновациялык долбоорлору менен таанышат.
Өлкө жетекчиси кечээ, 16-майда Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасына, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Түп айылында курулуп жаткан спорт комплексине барган жана райондун жашоочулары менен жолугушкан.