Президент Жээнбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусунда
Новость www

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Анын алкагында  Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасынын иши менен таанышып,  Дүйнөлүк Банктын “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору боюнча маалымат алды.  

Андан ары Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна барды, мындан сырткары Түп айылындагы спорт комплекстин курулушу  менен таанышты. Ошондой эле жергиликтүү тургундар  менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.