«Региондорго инвестиция тартып, жумушчу орундарды түзүү — жергиликтүү бийликке болгон негизги талаптардын бири». Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Өлкө башчынын белгилешинче, региондорду өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалууда.
Сооронбай Жээнбеков 16-майда эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Анын алкагында Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасынын иши менен таанышты. Мындан тышкары, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна барды, Түп айылындагы спорт комплекстин курулуш иштерин көрдү. Президенттин Ысык-Көл дубанына жумушчу сапары бугун , 17-майда, Балыкчы шаарында уланууда.