POST1RIGHT Бүгүн Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.
Саммитке Россия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия өлкөлөрүнүн тышкы ведомстволорунун жетекчилери катышууда.
Отурум тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгында өтүп жатат. Жыйында региондо жана дүйнөдө түзүлгөн кырдаалды, ошондой эле учурдагы чакырыктар менен коопсуздук коркунучтарына каршы турууда ЖККУга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү талкууланат. Аягында уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.
ЖККУ — Армения, Беларусь , Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстанды бириктирүүчү регионалдык эл аралык уюм.