Жогорку соттун мурунку төрагасы Акынбек Тилебалиев каза болду. Жакындары маркум 66 жашында көз жумганын билдиришти.
Акыркы сапарга узатуу иш-чарасы эртең, 5-июнда Панфилов айылында өтөт.
Акынбек Тилебалиев Жогорку сотту жетектеп, Транспорт прокуратурасында прокурор, Ош облустук сотунда төрага болуп эмгектенген.