Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылында алты жана төрт жаштагы бир тууган эки баланын өлүмү боюнча факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
3-июнда 2013-жылы жана 2015-жылы туулган бир тууган эки бала үйдүн тегерегинде ойноп жүрүп табылбай калган. Кечки саат 17:00 ге чейин издешип, аларды акыры муздаткычтын ичинен табышкан. Ал убакта балдар жан берген. Аталган «Мир» аттуу муздаткыч ичинен ачылбай тургандыгы айтылууда.
Бул окуя кокустук катары катталган. Маркумдар Данил менен Никитанын сөөгү 5-июнда чоң атасынын айылында, Ананьеводо жерге берилди.