Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу планы даярдалат
Новость KTRK/videograp

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУ конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча чаралардын планы даярдалат. Тиешелүү документтин долбоору 1-июлга чейин жумушчу топко берилиши керек. Мындай тапшырманы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине берди. 

Ошондой эле, 20-августка чейин майыптарды коомдук жашоонун ар кандай тармактарында кодулоону четтетүүгө жана республиканын шаарларында, райондорунда жана айылдарында жеткиликтүү инфратүзүмдөрдү түзүүгө багытталган «Жеткиликтүү өлкө» программасынын долбоору иштелип чыгышы зарыл.